Биз менен байланышыңыз

АКШдагы атышуудан 10 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 870 | 0

АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарындагы супермаркетте белгисиз адам ок чыгарып, анын кесепетинен 10 адам каза болду. Алардын ичинде полиция кызматкери да бар.

Кылмышкерди колго түшүрүү учурунда 51 жаштагы полиция кызматкери жеринде каза тапты.

Кармалган жаран эмне себептен мындай кылмышка барганы азырынча белгисиз. Ал тууралуу маалымат жарыялана элек.

Ак үйдүн басма сөз катчысы өлкө президенти Жо Байден окуя тууралуу кабардар болгонун билдирди.

АКШда жыл башынан бери калайман кыргын жетинчи ирет кайталанып жатат. Соңку жумада эле дал ушундай 2 окуя катталган. Тактап айтканда, 16-мартта Жоржия штатынын Аталанта шаарындагы 3 массаж салонуна кол салуудан улам 8 адам каза тапкан.

АКШ: Азиялыктар иштеген массаж салонуна кол салуудан 8 адам каза болду

Copyright © 2017 Maral FM