Биз менен байланышыңыз

Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын кантип алса болот? Расмий жооп

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 1111 | 0

Аттестат, күбөлүктөр 18-20-июнда берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эгер бул датага чейин өлкөдө абал туруктуу болуп, тиешелүү органдар уруксат берсе, аттестаттар бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылат.

Абал жөнгө салынбаса, ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып мектептен алып кетишет.

20-июнга чейин аттестат, күбөлүктөр бардык бүтүрүүчүлөрдүн колунда болуп калуусу шарт.

Copyright © 2017 Maral FM