Биз менен байланышыңыз

Ошто Ломоносов университетинин филиалынын курулушу башталды

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 911 | 0

Ош шаарында Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) филиалынын пайдубалын түптөө үчүн капсула салынды. Буга байланышкан аземдин өткөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Иш чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Орусия Федерациясынын Оштогу генералдык консулу Роман Свистин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу жүргүзүлөт.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

Copyright © 2017 Maral FM