Биз менен байланышыңыз

АКШ: Азиялыктар иштеген массаж салонуна кол салуудан 8 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 723 | 0

16-мартта АКШнын Атланта жана анын тегерегиндеги массаж салондоруна кол салуу болуп, кеминде сегиз адам курман болду. Бул кылмышка шектелип, 21 жаштагы Роберт Аарон Лонг камакка алынганын «KIRO TV» билдирди.

Буга чейин «AJC» порталы кол салуулардан 7 адам каза болуп, 2 адам жаракат алганын кабарлаган. Анын айтымында, биринчи чабуул Чероки округундагы массаж салонунда болгон. Бул жерде белгисиз адам ок чыгарып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Чабуулдан үч адам каза болуп, экөө жаракат алды. Бир сааттан кийин, ушундай эле кол салуу Атлантанын түндүгүндөгү жанаша жайгашкан эки укалоочу жайга жасалган. Бул кол салууларда төрт адам курман болду. Полиция окуяга байланыштуу шаардын бир канча көчөсүн жапты.

Азырынча Атлантадагы жана андан 50 чакырым алыстыктагы Черокидеги кол салуулардын байланышы бар же жок экени аныктала элек.

21 жаштагы Роберт Аарон Лонг Черокиге кол салган деген шек менен кармалган. Ал полиция кызматкерлери аны кууп чыккандан кийин, окуя болгон жерден бир нече чакырым алыстыктагы Крисп округунан камакка алынган.

Кол салууга кабылган массаж салондорунда негизинен азиялыктар иштегени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM