Биз менен байланышыңыз

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айгүл Мураталиева каза болду

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 825 | 0

Кыргызстандын маданияты жана искусствосу оор жоготууга учурады. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз балет искусствосунун чыгаан ишмери Айгүл Мураталиева 26 -июлда 72 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнө салды.

Айгүл Мураталиева 1948-жылы 15-августта туулган. 1959 -жылы А.Я Ваганов атындагы Ленинград Мамлекеттик хореографиялык окуу жайына кабыл алынган. (азыркы А. Я. Ваганов атындагы орус балет академиясы).

1968-жылы хореографиялык окуу жайды аяктаган соң, А. Малдыбаев атындыгы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына балет артисти болуп кабыл алынган.

1989-жылдан тарта эмгек жолун Фрунзе хореографиялык окуу жайында классикалык бий өнөрүнөн сабак берүү менен уланткан.

2006-2017-жылдарга чейин Ч. Базарбаев атындыгы Бишкек хореографиялык окуу жайынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келген.

Билим берүү тармагында иштеген күндөн тартып, анын жетекчилиги алдында ондогон таланттуу бүтүрүүчүлөрдү тарбиялаган. Алар бүгүнкү күндө жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөгү көрүнүктүү театрларда эмгектенишет.

Айгүл Мураталиева 2006-жылы хореография искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамына татыктуу болгон. Ошондой эле “Эмгектин ардагери” медалы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамоталары, “Билим берүүнүн отличниги” жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери менен сыйланган.

Айгүл Мураталиеванын өмүрү жана басып өткөн чыгармачылык жолу өсүп келаткан чыгармачыл жаштар үчүн өчпөс үлгү бойдон калды. Маркумдун жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө жашайт. Айгуль Мураталиеванан туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз.

А. Ж. Исмаилова, А. К. Жаманкулов, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, К.О. Иманалиев, К.Ы. Турапов, И.К. Сартбаев, Ж С.Тюляева, К.Сартбаева, А.А.Токомбаева, Р.Н. Чокоева, К.К. Сыдыков, А.А.Нуртазин, М.Л.Ласточкина, А.Тумакова, А.Айдарова, Э.В. Латыпов, З.Молдобакиров, А.Нургалиева ж.б.

Copyright © 2017 Maral FM