Биз менен байланышыңыз

МГИМОго кыргызстандык абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1926 | 0

Тышкы иштер министрлиги 2021-2022-окуу жылдарына карата Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргызстандын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгын жарыялады.

Документтерди кабыл алуу ушул жылдын 12-апрелинен тартып 14-майына чейин уланат.

“Конкурстук тандоого Кыргызстандын жарандары гана катышып, абитуриенттер бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат.

МГИМОго окууну Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

МГИМОго конкурстук тандоонун эрежелери менен ТИМ сайтынан www.mfa.gov.kg жана ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот.

Конкурска катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт — www.dipacademy.kg

Байланышуу тел: 0(312) 62 15 23, 62 02 83, 66 01 85

Copyright © 2017 Maral FM