Биз менен байланышыңыз

Москвада катуу суук болору күтүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 817 | 0

Орусиянын Москва шаарында 23-февралга караган түнү абанын температурасы -27 градуска чейин төмөндөйт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Маалыматта айтылгандай, мындай суук 65 жылдан бери болгон эмес.

Метеорологдордун эсеби боюнча Москва шаарында 1956-жылы ушул күнү -27,1 градус болгон. Ал эми абсолюттук рекорд 1945-жылы катталып, абанын температурасы -30,5 градуска жеткен.

Метеорологдор февралдын аягында күн жылып баштайт деп күтүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM