Биз менен байланышыңыз

Москвада метродон кармалган 23 кыргызстандык бошотулду

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 604 | 0

Орусиянын Москва шаарындагы «Нагатинская» жана «Новослободская» метростанцияларынын жанында кармалган 23 кыргызстандык бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-августунда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери укуктук жардам көрсөтүү максатында Нагатинский Затон районунун ички иштер башкармалыгына, ошондой эле Москва шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 4-полиция бөлүмүнө барышкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарына карата административдик укук бузуулар бар экени аныкталган.

Консулдук кызматкерлердин аракети менен тиешелүү процедуралар аткарылып, административдик протоколдор түзүлгөндөн кийин, бардык жаран бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM