Биз менен байланышыңыз

Москвада беткап режими күчөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 532 | 0

Бүгүнтөн баштап Москва бийлиги беткап режиминин сакталышына көзөмөлдү күчөтүп, метролордо жана башка  коомдук транспортто беткап менен колкап кийүүнү текшерүүгө алат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Беткап кийбегендерге 5 миң рубль айып салынат. Ошол эле учурда бүгүнтөн тарта Москвада барлардын, түнкү клубдардын жана түнкү саат он экиден таңкы саат алтыга чейин иштеген башка мекемелердин кардарларына милдеттүү каттоо киргизилет. Аталган мекемелерге кирүү үчүн QR кодун сканерлөө же уюлдук телефон номерди каттоо үчүн 7377 номерине СМС билдирүү жөнөтүү керек. Мекемеге келгендердин бирөөсүнөн коронавирус инфекциясы табылса, аны менен чогуу болгондордун бардыгы билдирүү алышат. Аларга COVID-19 үчүн тест тапшыруу сунушталат.

19-октябрга карата Орусияда коронавирустун 1 млн 399 миң 334 учуру катталып, 24 миңден ашуун адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM