Биз менен байланышыңыз

Москвадагы кыргызстандыктар үчүн көп тармактуу миграциялык борборунда өзүнчө кирүү уюштурулду

Кыска кабар | 20 Фев 2022 | 512 | 0

19-февралдан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Москва шаарынын «Сахарово» көп тармактуу миграциялык борборунда (ММБ) «2А» өзүнчө кирүү эшиги уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чара Кыргызстандын жарандарына узун кезекти күтпөй, көп функционалдуу миграциялык борбору тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо ж.б.) тез алууга жеңилдик берет.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 3 айда бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүүнүн зарылчылыгы жок.

Манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу бир гана жолу жүргүзүлөт. Орусиянын аймагына кайра киргендер бул процедуралардан өтпөйт.

2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга кирген кыргыз жарандары медициналык текшерүүдөн өтүү милдетинен толугу менен бошотулат. Ошол эле учурда каалоочулар манжа изин каттоодон өткөрүп, сүрөткө түшө алышат.

Ошондой эле 2021-жылдын 29-декабрына чейин кирген Кыргызстандын жарандары медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурланган учурда арыз менен сотко кайрылуулары зарыл.

 

Copyright © 2017 Maral FM