Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлөрдөгү 35 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1606 | 0

Чет өлкөлөрдөгү Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн ачылган тилкелердин 13ү ишин аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 20.00гө карата Орусиядагы Түштүк Сахалин, Владивосток, Якутск, Иркутск, Красноярск шаарларындагы Кыргызстандын элчилигинин Канцеляриясынын аймагында түзүлгөн, ошондой эле Япониядагы, Кореядагы, Кытайдагы, Малайзиядагы, Казакстандагы, элчиликтерде, Гуанчжоу, Новосибирск, Алматы шаарларындагы Башкы консулдуктарда иштеп жаткан 13 шайлоо тилкеси жабылды.

Азыркы учурда, 35 шайлоо тилкесинде добуш берүү өтүп жатат.

Бишкек убактысы боюнча саат 20.00гө референдумга добуш берүүгө келгендердин жалпы саны 2 миң 789 адамды түздү.

Чет өлкөлөрдөгү бардык УШКлардагы референдум мыйзамдардын алкагында жана бардык эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүүдө, кандайдыр бир бузуулар байкалган жок.

Эскерте кетсек, Конституция боюнча референдумга добуш берүү чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM