Биз менен байланышыңыз

Жети айда Москвада кыргызстандыктар аралашкан 916 кылмыш катталган

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 736 | 0

Жыл башынан бери Орусиянын Москва шаарында кыргызстандыктар аралашкан 916 кылмыш катталган. Бул тууралуу кечээ, 24-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Москва шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Александр Половинканын жолугушуусунда айтылды.

Москва полициясынын жетекчилиги 2019-жылдан бери Кыргызстандын жарандары жасаган кылмыштар жана укук бузуулар кыйла көбөйгөнүн билдирген.

Ушул жылдын жети айында эле Москвада Кыргызстандын жарандары аралашкан 916 кылмыш катталган. Кылмыштын басымдуу бөлүгүн кыргызстандыктардын бири-бирине жасаган кыянатчылыгы түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM