Биз менен байланышыңыз

Ошто мурда бир нече жолу соттолгон чөнтөкчүлөр кармалды

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1400 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коомдук транспортто, базарлардан уюлдук телефондорду, акчаларды уурдап жүргөн 2 чөнтөкчүнү кармады.

Алардын бири Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 1990-жылы туулган Ж. М. аттуу жаран. Мурда 3 жолу соттолуп, 4 факты боюнча иш козголгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал уурдалган телефондорду Өзбекстандагы шериктери аркылуу сатып турган.

Экинчиси, мурда 8 жолу соттолгон, үстүнөн тогуз арыз түшкөн Ош шаарынын «Калинин массиви» аймагынын жашоочусу болгон С. Ф. аттуу жаран. Ал болсо уурдалган телефондорун арзан баада каалоочуларга сатып келген.

Учурда кармалган жарандардын башка уурулуктарга тиешеси бар же жок экени иликтенип жатат.

Ош шаардык соту баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Copyright © 2017 Maral FM