Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 16-августта тоолорго кар жаап, түздө сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 354 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 16-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоолорго, тоолуу аймактарга кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Мындай катаал аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

16-августта республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

16-17-августтарда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°;

Талас облусунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 25…30°;

Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°;

Тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 4…9° салкын болот.

Copyright © 2017 Maral FM