Биз менен байланышыңыз

Билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланды

Кыска кабар | 14 Сен 2021 | 354 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн орун басарларынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин катышуусунда билим берүү уюмдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жумушчу кенешме өткөрдү.

Кенешменин жүрүшүндө билим берүү объектилеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде жылытуу тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүү жана каржылоо маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, күз-кыш мезгилинде билим берүү уюмдарына жылуулук үзгүлтүксүз берилиши керек жана бардык оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышы зарыл.

Кеңешменин катышуучулары күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат беришти.

«Жылытуу тутумдарын көзөмөлдөө жана каржылоо жергиликтүү бийлик органдарынын милдетине кирет. Алар мектептердеги отказандарды даярдыктан өткөрүп, 1-ноябрга карата тийиштүү түрдө өткөрүп бериши керек», — деди Бакашова.

Copyright © 2017 Maral FM