Биз менен байланышыңыз

Жаш активист 3 жума электрондук форматта окууну улантууну сунуштады

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 1357 | 0

«Кел, окуйбуз» электрондук форматта китеп окуу долборунун негиздөөчүсү Аманбек Бургхан уулу президент Сооронбай Жээнбековго жана Билим берүү жана илим министрлигине 3 жума электрондук форматта окууну улантуу сунушу менен өзүнүн «Фейсбук» баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Кыргызстанда 16-марттан тарта коронавируска байланыштуу Жогорку окуу жайлар жана мектептер 3 жумалык карантинге жабылган.

Убактыбыздын бекерге өтүп жатканы өкүнүчтүү. 2020-жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата, президентибизге, билим министрлигине өз сунушум менен кайрылам. Менин сунушум, ушул 3 жума ичи электрондук форматта окууну улантуу. Эгер биз бул системаны ушул тапта колдонсок, биз биринчиден убакыттан, экинчиден окуу программасынан, үчүнчүдөн мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнөн утабыз» , — деп жазган Бургхан уулу.

Ошондой эле, ал электрондук форматта китеп окуу боюнча 3 жылдык тажрыйбасы бар экендигин айтып, электрондук форматта окуунун эң жеңил жолу вотсап, телеграмм аркылуу окуу экендигин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM