Биз менен байланышыңыз

Быйыл мектептерде 10 жылдык, 20 жылдык жолугушуулар өткөрүлбөйт

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 1339 | 0

Быйыл карантинге байланыштуу мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн 10 жылдык, 20 жылдык мааракелери өткөрүлбөйт. Бардык иш-чараларга тыюу салынат. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Ошондой эле Малик Нурдинов билдиргендей, Ош облусу жана шаарында быйыл окуучулар экзамендерди дистанттык түрдө тапшырып, бүтүрүү кечелери өткөрүлбөйт.

Комендант мектеп жана университеттерде өтө көп адам чогулгандыктан кооптуулук алда канча жогорку экенин белгилөө менен дистанттык режимге көнүүгө чакырып, илдетке кабылгандар толук айыгып чыкмайынча кепилдик жок экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM