Биз менен байланышыңыз

Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанды инвестициялоого кызыкдар

Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 573 | 0

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин администациясынан билдиришти.

Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү араб компанияларынан өкүлдөр келди. Алардын арасында DPWorld, MASDAR, ADQ, «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», Royal Group, Earth Retai, Fresh Harvest сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. Мындан сырткары, президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат.

Ошону менен бирге президент эки өлкө кызматташтыгын чыңдоо жана тереңдетүү максатында Кыргызстанга БАЭнин дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуунун маанисин белгиледи. Элчиликтин ачылышы Кыргызстандагы эмират бизнесин шыктандырып, анын ийгиликтүү иштешине шарт түзөт.

Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Садыр Жапаровго БАЭнин президенти Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын, ошондой эле БАЭ вице-президенти жана премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын саламын жана жылуу каалоо-тилектерин жеткирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тарап тең биргелешкен инвестициялык кызматташтыкты деталдуу иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM