Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы мектептерде жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 609 | 0

Казакстандын мектептери жаңы окуу жылын аралыктан окутуу менен башташат. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго  таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, азырынча балдарды биринчи чейректе гана аралыктан окутуу каралууда. Эгер өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырбаса, аралыктан окутуу кийинки чейректерде да улантылат.

Министрдин айтымында, аралыктан окутуу класстардагы балдардын саны аз, анча чоң эмес мектептерге тиешелүү болбойт. Мындай жайларда илдетти жуктуруп алуу кооптуулугу кыйла аз деп эсептелинет.

Буга чейин өлкөдөгү колледждер менен жогорку окуу жайлар жаңы окуу жылында студенттерди аралыктан окута тургандыгы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM