Биз менен байланышыңыз

Вице-премьер: Окуучуларды каникулга таратуу зарылчылыгы жок

Кыска кабар | 14 Мар 2020 | 1432 | 0

Кыргызстанда мектептер жана Билим берүү мекемелери календарлык планда көрсөтүлгөн мөөнөттө жазгы каникулга таратылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, азырынча коронавируска байланыштуу чукул каникул жарыялоонун зарылчылыгы жок.

Каникулга бир жума убакыт калды. Кыргызстанда коронавируска чалдыккан учурлар жок экенин эске алып, мектептер, билим берүү тармагы мурда жарыялангандай 21-мартта өз убагында эле каникулга таратылат. Окуучулар мектептерде көзөмөлгө алынууда. Азырынча бардык аракеттер план боюнча жүрөт, — деди Өмүрбекова.

Ал ошондой эле, кырдаал курчуп кетсе, анда Өкмөт бул боюнча чукул чара көрөрүн кошумчалай.

 

Copyright © 2017 Maral FM