Биз менен байланышыңыз

Мектептерде окутуу салттуу түрдө уланат

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 12040 | 0

Эпидемиологиялык абал туруктуу аймактарда жана аз сандагы окуучулар окуган мектептерде жаңы окуу жылындагы окуу салттуу түрдө уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жаңы окуу жылына карата даярдык толук жүрүп жатат.

«Жаңы окуу жылын уюштуруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин астында атайын эксперттик кеңеш түзүлүп, алар окуу процессин уюштуруу боюнча сунуштамаларды беришкен. Ошонун негизинде окуучуларды окутуу боюнча бир нече вариант иштелип чыкты», — деди Кусеинова.

Жаңы 2020-2021-окуу жылында окутуу процесси төмөнкүдөй уюштурулат:

  1. Эпидемиологиялык абал туруктуу аймактарда жана аз сандагы окуучулар окуган мектептерде жаңы окуу жылында билим берүү салттуу түрдө жүрөт;
  2. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес аймактарда болсо, окутуу аралаш түрдө өтөт: салттуу жана дистанттык түрдө.

Эгерде, эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, биринчи, бешинчи жана тогузунчу класстарды салттуу түрдө окутуу пландалып жатат. Ал эми башка класстар болсо, дистанттык түрдө окушат.

Ошол эле учурда салттуу окутууда айрым талаптар аткарылууга тийиш. Алар − санитардык-гигиеналык талапты толугу менен аткаруу, социалдык аралыкты сактоо, өздүк гигиенаны сактоо.

Эгерде бир класста 40 окуучу болсо, аларды эки группага бөлүп, биринчи группа дүйшөмбү-шаршемби күндөрү окуса, экинчи топ шейшемби-бейшемби күндөрү мектепке барып окушуп, калган күндөрү аралыктан окушат. Мектепке келген күндөрү жаңы темалар түшүндүрүлүп, дистанттык окууда үйдөн аткарууга тапшырмалар берилет.

Мугалимдердин жана окуучулардын ден соолугуна кам көрүү максатында ар бир класс үчүн сабактардын жана танапистердин жүгүртмөлөрү иштелип чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM