Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Тазабек Икрамов мектептерди 1 айга жабууну сунуштады

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 759 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн республика боюнча билим берүү мекемелерин 1 айга жабууну сунуштады. Бул тууралуу ал Парламенттин бүгүнкү отурумунда айтты.

Депутат эпидемиянын дүйнө жүзүнө жайылып жатканын, ага карата чаралар боюнча мисалдарды келтирип, коронавируска карата күрөштү күчөтүүнү айтты.

Коронавируска карата чараларды күчөтүү үчүн 15-марттан 15-апрелге чейин билим берүү тармагындагы бардык мекемелерди, мектеп жана жогорку окуу жайларын жабууну сунуш кылат элем. Бул аралыкта окубай калган программаларды июнь айына чейин узартып койсо болот, — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM