Биз менен байланышыңыз

Кош бойлуу журналисттин кармалышынын чоо-жайы

Саясат | 5 Ноя 2022 | 895 | 0

3-ноябрь түнү милиция журналист Санрабия Сатыбалдиеванын үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетти. Ал кош бойлуу болгонуна байланыштуу дарыгерлер “боюнан түшүп калуу” диагнозун койгон. Бирок күч органдарынын мындай кадамы журналисттерге жана аялдарга кысым болуп жатканы сынга алынды. Акыйкатчы журналистке жасалган мамилени мыйзамсыз деп билдирди. ИИМ журналист опузалап акча талап кылууга шектелип, кармалганын айтууда.

“Мир 24” маалымат порталынын директору Санрабия Сатыбалдиеваны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 3-ноябрдын түнүндө кармап кеткен. Ал кош бойлуу болгонуна байланыштуу ден соолугу начарлап, дарыгерлер ага “боюнан түшүп калуу” коркунучу бар экенин айтышкан. Бирок ага карабай, Сатыбалдиева убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Журналист кайра-кайра текшерүүдөн кийин ооруканага жаткырылды.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Санрабия Сатыбалдиева менен жолугуп чыкканын билдирди. Ал журналистти кармагандан кийин тергөөчү ар кайсы жакка алып жүрө бергенин сынга алды.

Абдрахматова Кыргызстанда убактылуу кармоочу жайлар эл аралык стандарттарга жоо бербей турганын айтат.

“Бангкок тартибинде же эл аралык стандарттарда бекитилген шарттар бар. Биздин убактылуу кармоочу жайлар ага дал келбейт. Аялдарга карата Бангкок тартибинде бекитилген жана биздин Кылмыш-жаза процессуалдык кодексте да так жазылган, камакка алуу бөгөт коюу чарасы өзгөчө оор кылмыш кылган, мурда кылмыш кылган, тергөөчүлөргө карата мыйзамсыз иш-аракеттерди, басым кылса, же качып кете турган адамдарга карата камакка алуу чечимин кабыл алса болот. Калган учурларда, адам мурун соттолбосо, өзгөчө, аял киши болуп, ымыркайы бар болсо, анын үстүнө кош бойлуу болсо камакка алуу чарасы эло аралык стандарттарга жооп бербейт”, — деди акыйкатчы.

Ички иштер министрлиги Сатыбалдиеванын опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта, журналист Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2016-2017-жылкы сүйлөшкөн аудиолорун таркатуу шылтоосу менен корутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы айтылат.

Сатыбалдиева менен бирге “Мир 24” маалымат порталынын оператору жана такси айдоочусу шектүү катары кармалган.

Санрабия Сатыбалдиева түн ичинде кармалганын айтып чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова журналист ден соолугуна байланыштуу сурак бералбай жатканын айтты. Ал экинчи жолу ооруканага жаткырылганына карабай кайрадан убактылуу кармоочу жайга алып чыгып кетишкенин кабарлады.

“Ал кармалгандан кийин сурак протоколдорун толтурган эмес. Себеби анын кош бойлуулугуна байланыштуу ден соолугу начар болуп, сурак бере албады. Ал кармалгандан кийин дарыгерлердин берген чечимине карабай аны 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Эрте менен кайра ооруканага алып барып, неврологияга жаткырышты эле. Бирок кайра убактылуу кармоочу жайдын, Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери келип, алып чыгып кетишти”, — деди укук коргоочу.

Ал эми адвокаты Замир Жоошев журналисттин күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин айтпаганда, аларга карата туура келбеген берене менен иш козголгонун билдирди.

“Бул иш негизи мыйзам жагынан туура эмес козголуп калыптыр. Бул жерде булардын күнөөсү барбы же жокпу, ага жетпей туруп айтканда, жабырлануучу тарап “опузалап акча талап кылып жатат” деп арыз жазган. Эгер буга туура баа берсек, анда 208-берененин 2-бөлүгү менен иш козголушу керек эле. А булар болсо уюшулган топ тарабынан, башкача айтканда уюшулган кылмыштуу топ тарабынан деп, 4-бөлүк менен козгоп салыптыр. Бул деген оор кылмыш, анда 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн”, — дейт Жоошев.

Журналист өзүнө коюлган айыптар боюнча айтып, муну “атайын уюштурулган” деп баалап, ага Жогорку Кеңештин депутатынын тиешеси бар экенин айтты. Ал тергөө амалдары бүткүчө так кайсы ишке байланыштуу экенин айтпай турарын билдирди.

“ИИМ тараткан маалыматта Ташиевдин аты көрсөтүлүшү керек болчу. Булар биргелешип атайын уюштуруу кылып (подстава) туруп, анан баарын мага оодарып коюп жатат. Мен азыр тергөө үчүн гана унчукпай турам, чыкканда… Маалыматта Шайырбек Ташиевдин аты көрсөтүлүшү керек болчу”

ИИМ тараткан маалыматта Санрабия Сатыбалдиева депутат Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери экени баса белгиленген. Парламентарий өзү аны ырастап, журналистке каршы арызды башка журналист Баяна Кулова жаганын айтты.

“Эми опузалоо болду деп айтып атат, мен арыз жазган Баяна Кулова менен да сүйлөштүм. Кандай, эмненин негизинде, эмне болгонун сурасам, ал интернеттен видеону өчүрүү үчүн 2000 доллар бергенин айтып, дагы 2000 доллар сурап атканын айтты. Ал эмне болгон видео десем, ЖК депутатынын интернетке чыгып кеткен 2-3 видеосун айтты. Ошону өчүр деп айтып, арыз жазыптыр да”.

Депутат буга чейин да Сатыбалдиевага коркутуулар болуп, коопсуздук кызматы суракка алганын кошумчалады.

Ал эми журналист Баяна Кулованын айтымында, ага фейк аккаунтка жамынган белгисиз бирөө жазып, анда айрым депутаттарга каршы монтаждалган видеолорду жарыялайбыз деп акча талап кылган. Ошондой эле ал фейк аккаунтту эркек бала колдонуп жатат деген ойдо болгонун, бирок укук коргоо органдарына кайрылып, алар текшерүү жүргүзгөндө гана журналист Санрабия Сатыбалдиеванын аты аралашканын билген. Ал аны күнөөлөп жаткандардын пикири туураи эместигин айтып, окуяны төмөндөгүчө түшүндүрдү:

«Мен аны эркек бала экен, бул кайдан чыккан кыйын болду экен деп укук коргоо органдарына кайрылдым.

Анан эле кечинде күнөөлүүлөрдү кармаган соң Санрабия чыгып калды. Болгондо дагы дал ушул «Айтам баарын»-деген акаунтту колдонуп менден акча алып жатыптыр. «Эже, коопсуздук үчүн курьерди мен чакырам сизге»-десе мен милицияларга силердин мурдагы сотрудник окшойт аябай сактанып атат деп урушуп жүрөм алар менен. Же мурдагы укук коргоо кызматкери же түрмөдө олтурган бирөө дегем…..
Жок, болгондо дагы Санрабия чыгаары түшүмө кирген эмес!!! Ал укук коргоо органдарына мени менен жазышканын айтып акаунтту ачып көрсөтүптүр. Мен кантип эле ушул кош бойлуу аялды каматып ийүүгө эрким жетсин, менин да Кудайдан балалуу болоюн деген үмүтүм бар. Болгондо дагы Санрабияны эстесем дагы деле ишенбей олтурам. Эми арызды алып, акчалар берилген соң үй камагына чыгартып коёюн, окуя жабылып кетсин деп фактыларды чыгарбай атсам мени каралоо башталдыбы? Укук коргоого кайрылбайын деп миллион жолу аракеттенип кой болду деп түртүп аттым окуяны. Өзүм дарыланууга жөнөп атканда жөн кетейин деп алдастап блоктосом болбой телефонума чалып коркутуп түрлүү сөздөрдү айта баштады. Мени менен бир гана эркек бала сүйлөшүп атты, ошого мен эркек бала го же түрмөдөгү адам дегем….».
Журналист Баяна Кулова жазган арызын кайра аларын да Фейсбук баракчасына жазды.

Кыргызстанда аялдардын кармалганы коомчулук тарабынан катуу сындалып жатат. Буга чейин “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен кармалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова милиция ага карата ырайымсыз мамиле жасаганын айтып арызданган.

Ошондой эле шек менен бир топ саясатчы аял абакта кармалууда.

2-ноябрда Жогорку Кеңештин төрт депутаты баштаган топ Акыйкатчы Атыр Абдрахматова менен бирге абакта жаткан аялдардан кабар алышкан.

Депутат Дастан Бекешев аялдарды кармоо терс көрүнүш экенин, аларга өзгөчө мамиле жасалышы керектигин айтат. Ал журналист Сатыбалдиеванын камалышы бийликтин “каалаганыбызды камаганга алыбыз жетет” деген белгиси экенин билдирди.

“Негизи аялдарды кармоо, аларды убактылуу тергөө абагына камоо терс көрүнүш. Мен түшүнөм, мисалы аял киши бирөөнү өлтүрсө, чынында оор кылмыш кылса. А чынында азыр 6 аял Кемпир-Абад боюнча камалып жатат. Анан бүгүн кармалган кош бойлуу журналистти боюнан түшүп калат деп жатса дагы убактылуу кармоочу жайга киргизип жатат. Туура эмес иш. Тилекке каршы бийлик бул менен “бизде күч бар, каалаган кишини камай алабыз, тынч отургула” дегенди көрсөтүп жатат”, — деди эл өкүлү.

Бул окуя акыркы күндөрү журналисттерге кысым күчөп, бийликтин мындай иш-аракеттери коомчулуктун сынына кабылып турган убакта болуп жатат.

Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы пикирин билдирип келген журналист Айданбек Акматов камакка алынган. Андан кийин журналист Семетей Талас уулу экстремизмге шектелип кармалган. Ал кайра 3-ноябрда үй камагына чыгарылды.

3-ноябрда БУУнун Адам укуктары боюнча комитети дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык расмий келишимдин (Пакт) аткарылышы тууралуу корутундусун жарыялады.

Анда комитет Кыргызстанда журналисттердин, юристтердин, саясатчылардын жана укук коргоочулардын ой-пикирин билдиргени үчүн кысымга алып, куугунтоолор болуп жатканына тынчсыздануусун билдирген. Алардын ичинен айрыкча блогер жана журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM