Биз менен байланышыңыз

Депутаттар «Соцфонддун бюджети жөнүндө» мыйзамды кароодон баш тартты

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 585 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында күн тартибине коюлган «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө» отчёту каралган жок.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жыйынга келбегенинен улам депутаттар отчёттук мыйзамды кароодон баш тартышты.

Ошол эле учурда министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмаз Абытов мыйзам долбоору кечигип жатканын белгилеп, карап берүүнү өтүндү.

Бирок депутаттар качан жетекчилер келгенде гана караларын айтышып, алар эки-үч жыйындан бери качып жүргөнүн белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM