Биз менен байланышыңыз

Байланыш операторлорунун, интернет провайдерлердин карызы 40 млн сомго жетти

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 375 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Талант Калыков белгилегендей, өзгөртүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды сотко төлөнүүчү мамлекеттик алымдан бошотууга багытталган.

«Учурда байланыш операторлорунун, интернет провайдерлердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга болгон карызы 40 млн сомго жетти, аларды чогултуу үчүн биз сотко кайрылып, өндүрүлгөн сумманын 10 % өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөшүбүз керек. Ошондон улам аны алып салуу демилгеси сунушталууда», — деди Калыков.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, баяндамачы 43 компаниянын 48 млн сом карызы бар экенин маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM