Биз менен байланышыңыз

Эсен Шерботоев «Кыргыз почтасынын» башкы директору болду

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 685 | 0

Эсен Шерботоев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик мекемесинин башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Белгилүү болгондой, кечээ, 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев Эсен Шерботоевди «Кыргыз почтасы» ишканасынын жамаатына тааныштырды.

Эсен Шерботоев буга чейин Өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүндө эксперт болгон.

Copyright © 2017 Maral FM