Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз почтасына» 18 унаа берилди

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 526 | 0

«Кыргыз почтасы» ишканасына почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн 18 унаа берилди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк почта уюму «Кыргыз Республикасынын аймагына почталарды жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу» долбоорун колдоого алып, 120 миң АКШ доллар бөлгөн. Анын алкагында «Кыргыз почтасы» үчүн «Лада» үлгүсүндөгү 18  унаа алынды.

Унааны тапшыруу аземине вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышты.

Анын айтымында, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында 922 көп тармактуу объект иштейт. Анда калкты тейлөө боюнча 363 маалыматтык киоск жайгашкан.

«Өкмөт «Кыргыз почтасын» жаңыландыруу, жакшыртуу, модернизациялоо боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүдө. Мунун баары калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн арзан, бат жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууда. Санариптештирүүнүн алкагында 363 маалыматтык киосктун ачылышы калкты тейлөө иштерин кыйла жакшыртты», — дейт Аскаров.

Ал белгилегендей, учурда 460 почта бөлүмү интернетке кошулду. Почта аркылуу республика ичинде, өлкөдөн тышкаркы 7 мамлекет менен акча которуулары жүргүзүлүп жатат. Дүйнөлүк сайттар аркылуу онлайн соода-сатыктар өнүгүп, жөнөтмөлөрдү жиберүү 30% га, Бишкекте 70% га чейин көбөйдү. Өлкө ичинде курьердик кызматтарды киргизүү пландалып, эл аралык кызматташууга басым коюулууда.

Айта кетсек, Кыргызстан 1993-жылдын 26-январынан баштап Дүйнөлүк почта уюумунун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM