Биз менен байланышыңыз

Почтальондор пенсия менен жөлөкпулдарды үймө-үй жеткиришет

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1283 | 0

Апрелде пенсия менен жөлөкпулдар эрте таратылат. “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын 9-апрелде республика боюнча почта байланыш бөлүмдөрү ачылат. Почтальондор ошол эле күнү пенсиялар менен жөлөкпулдарды алуучуларга жеткире баштайт. Бул тууралуу Штабдан билдирди.

COVID-19 алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык унаалар жана имараттар дезинфекцияланды, почтальондорго атайын кийимдер, көп жолу колдонулуучу беткаптар, кол каптар жана антисептиктер берилген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргыз почтасы” ишканасы жарандарды үйдө калууга чакырат, почтальондор ар бир алуучуга социалдык төлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш кундөрү да иштөөгө даяр.

Эске салсак, почта кызматы ошондой эле дары-дармектерди жана азык-түлүктөрдү жеткирүү кызматтарын да көрсөтүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM