Биз менен байланышыңыз

“Кыргызпочтасы” ар бир айып кагазды 16 сомго жеткирет

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 883 | 0

Бүгүн, 12-февралда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. Өкмөттүн маалыматына ылайык, жол эрежесин бузган унаа тууралуу маалымат жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына караштуу Мониторинг борборунда каралган соң, “Кыргызпочтасына” жеткирилет. Аталган ишкананын даярдыгы боюнча почталык жеткирүү жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова «Марал»  радиосуна айтып берди.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү боюнча «Кыргызпочтасында» киндай иштер жүргүзүлдү?

-Айып кагаздарын жеткирүү боюнча биздин кызматкерлерге алдын ала окутуу иштери өткөрүлдү. Алгач Ички иштер министирлигинин алдындагы жол коопсуздугун камсыз кылуучу башкармалыгы менен келишим түзүлдү. Ага ылайык, катталган айыптар мониторинг борборунда каралган соң бизге өткөрүлөт. Биздин негизги милдет — айып кагазын унаа катталган дарекке жеткирүү. Ошондой эле келишимдин шарттарын аткаруу максатында өзүбүздүн почточулар, байланыш бөлүмүндөгү операторлор жана бөлүмдүн башчылары менен окутуп-үйрөтүүлөр жүргүзүлдү. Жалпысынан 1385 кызматкер окуудан өттү. Мындай окутуулар алдыда дагы өткөрүлүп турат. Ошондой эле биздин аткара турган жумушубуздун көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу, кызматкерлерибиздин саны да көбөйдү.

-Сиздерге келген айып кагаздарын канча убакта жеткиресиздер?

-Келишим боюнча жеткирүү мөөнөтү бизге келген күндө тартып 3 күндөн 8 күнгө чейин деп көрсөтүлгөн. Убакыт унаа катталган аймактан көз каранды. Ар бир аймак боюнча канча убакыта жеткирүү керектиги келишимде жазылган.

-Аймактарда да кызматкерлердин саны өзгөрдүбү? Аларда окутуудан өттүбү?

-Жок, аймактарда мындай жумуш аткарылган жок. Жумуш жаңы башталганына байланыштуу кайсы аймакта  кандай жүрөрүн алдын ала көрүп биле албайбыз. Кошумча кызматкерлер Бишкекте эле алынган. Аймактарга анализ жүргүзүп, талап болсо кызматкерлердин санын көбөйтөбүз.

-Негизи эле аймактарга каттар кандай жол менен жеткирилет?

-Бүгүнкү күндө аймактарга кат жеткирүү боюнча биздин магистралдык маршрут бар. Жумасына 5 жолу бекитилген жыштык боюнча ар бир филиалга жеткирилет. Андан соң филиалдар айылдардагы байланыш бөлүмүнө таркатат. Ал жерден почточулар катта көргөзүлгөн дарекке жеткирет.

-Сиздерге айып кагаздарын жеткиргениңиздер үчүн акы кандай тартипте төлөнөт? Суммасы канча?

— Жогоруда айтып өткөн келишимдин негизинде бизге ар бир кат үчүн 16 сом төлөнөт. Бул сумма Монополияга каршы байланыш комитети менен макулдашылган. Кат кайсы аймакка жеткирилеринен көз каранды эмес. Бул — биз сунуш кылган тариф.

-Айып кагаздарын почта аркылуу жеткирүүнү эл арасында эски ыкма катары баалагандар болду. Электрондоштурууга мүмкүнбү?

Жеткирүүнү электрондоштуруу мүмкүндүгүн мен так айта албайм. Бул суроону кароодо бардык укук-ченемдик документтерди, технологияларды эске алып карап чыгуу керек. Биз түзгөн келишимдин негизинде электрондук кызмат көргөзүү көрсөзүлгөн эмес. Коопсуз шаар жаңыдан ишке кирүүдө. Келечекте бул суроо дыкаттык менен иштелип чыкса ал кызматты да көрсөтүп калуубуз мүмкүн. Бул суроо азырынча каралган жок. Бузуулар жөнүндөгү кодексте да айпы кагаздары почта аркылуу жеткирилет деп көрсөтүлгөн.

-Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM