Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: УКМК «Коопсуз шаарды» текшерип чыгышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2021 | 791 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Коопсуз шаар» долбоорун тыкыр текшерип чыгышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, УКМК «Коопсуз шаар» боюнча түзүлгөн келишимден баштап, жалпы максатына, долбоордон түшүп жаткан каражаттын бөлүштүрүлүшүнө чейин текшерип чыгышы керек.

«Каражаттарга кайсы бир чиновниктин тиешеси бар же жогун аныктоо зарыл. Долбоордун аткарылышында коюлган талаптар эске алынып жатат. Мындан тышкары көпчүлүк айдоочулар камера жок жерлерде ылдамдыкты ашырып айдашат. Бул көйгөйдү жоюу үчүн орточо статистикалык ылдамдыкты киргизүү зарыл. Маселен, эки аймактын аралыгына орточо статистикалык ылдамдык белгиленет. Айдоочу белгиленген чектен ашып кетсе, айып салынат, ошондо шашпай айдайт. Кийинчерээк ушундай эрежени да киргизүү зарыл», — дейт Маматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM