Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: «Бардык соода сом менен болсун» деген мыйзам ишке ашпай жатат

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 1283 | 0

Эл кыйналып, кризисте турган учурда айрым «эл душмандары» товарлардын бааларын негизсиз көтөрүп, керек болсо, кампаларынан товар чыгарбай, «кымбаттаганда сатам» деп кармап отурушат. Мына ошондой «эл душмандарын» 24 саат бою КТРКдан көрсөтүп, күч органдары чара көрүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, ушундай эле жагдай валюта рыногунда да жүргүзүлүп жатат.

«Мына, депутаттар  бул боюнча мыйзам жазып, коомдук угууга жибердик. Болгону 17 миң сом эле айып салынат экен. Биз аны миллионго чейин көтөрүүнү сунуштадык», — деди Маматалиев.

Мындан сырткары ал «бардык соода өлкө ичинде сом менен болсун» деген токтом жана мыйзам ишке ашпай жатканын кошумчалады.

Бул боюнча ал улуттук «Элкарт» программасын күчөтүп, санариптештирүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM