Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Азырынча кандайдыр бир оюндар болууда

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 1427 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты. Талант Мамытов мындай чечимге макул эместигин билдирип, БШКнын чечимин жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазганы айтылууда.

Талант Мамытов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясынын тизмесинде барары буга чейин белгилүү болгон.

Биз маалыматты тактоо максатында «Ынтымак» партиясынын төрагасы Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге кайрылдык.

Маматалиев БШКнын чечимин колго ала электигин, алгандан кийин юридикалык жактан керектүү бардык кадамдар жасала турганын билдирди.

«Талант Мамытовдун партиядагы ордун сактап калууга бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени баары мыйзам чегинде болгон. Болгону азырынча кандайдыр бир оюндар болду деп эсептейбиз. Азыр биздин өкүлүбүз чечимди ала албай эртең менен 8:30дан бери БШКда отурат. Эң өкүнүчтүүсү, БШК кечээ шашылыш түрдө, эч кимге айтпай чечим чыгарып коюшуп, чечимдин корутундусун бербей жатканы оюндун уландысы деп айтат элем. Биз эми юридикалык жактан керектүү бардык кадамдарды жасайбыз».

«Ынтымак» партиясы «Фейсбук» баракчасына аталган окуяга байланыштуу билдирүү тараткан. Анда «Ынтымак» партиясынын БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильзат Аймухамедов БШКнын отурумунун убактысы боюнча тийиштүү түрдө кабардар болгон эместигин жазган.

«24-октябрда, жекшемби күнү саат 16:13тө мага 0312-62 08 27 телефон номери аркылуу чалышып, ошол эле күнү саат 18:30да БШКда партия талапкерлеринин тизмесин каттоо маселеси боюнча отурум пландаштырылганын кабарлашкан. Анан эле саат 16:44тө ошол эле номерден дагы чалуу келип, отурум саат 17:00гө жылдырылганы кабарланган. Мындан тышкары 23-октябрда БШК төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев жолугушуу учурунда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жумушчу сапары менен кетишине байланыштуу кийинки жолугушуу 26-октябрга пландалганын айтты».

Ильзат Аймухамедовдун айтымында, БШК аны партияга түздөн -түз тиешеси бар маселелер боюнча жыйынга катыштырбоо үчүн алдын ала бардык аракеттерди атайылап жасаган.

Copyright © 2017 Maral FM