Биз менен байланышыңыз

Маматалиев онлайн насыя берүүчү «Сомо» компаниясын көзөмөлдөөгө чакырды

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 381 | 0

Жогорку Кеңештин 30-сентябрдагы жыйынында депутат Марлен Маматалиев акыркы убакта онлайн насыя берүүчү компаниялар көйбөйгөндүгүн белгиледи. Анын айтымында, алардын арасында шылуундук кылып элди кыйнаган насыя берүүчү уюмдар бар.

«Мен мисал катары somo.kg онлайн насыя берүүчү компанияны эле айта кетейин. Мына ушул компаниялар элге насыя бергенде бир жылдык пайызды 500 пайыз менен берип жатат. Оор учурга кабылып аягында эмне кылышты билбей, ошол жерден акча алып жатышат. Келишимде компания тарабынан бардык нерсе жазылбагандыктан, карапайым калк түшүнүп-түшүнбөй алып жатат. Мына азыр 3 миң алган аял,  25 миң сом төлөп жатат» , — деди Маматалиев.

Ошондой эле ал мындай компанияларды текшерип, жарандарды коргош керектигин белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM