Connect with us

Кумарканаларды мыйзамдаштырууну көздөгөн долбоор

Коом , Саясат , Экономика | 7 Апр 2021 | 3937 | 2

Ысык-Көл облусунун аймагында кумар оюндарын ойнотууга уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору 6-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, жактырылды. Ал учурда парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда кароого жөнөтүлдү.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун алдындагы 1200 гектар жерге эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду курууга мүмкүндүк берилет. Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча, кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүүлөр киргизилбейт. Долбоор кумарканаларды аталган 1200 гектарлык аянтта гана ачууга уруксат берип, өлкөнүн башка аймактарында иштебейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган. Демилгечи Турусбековдун айтымында, мыйзам өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туризм тармагын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

«Долбоор экономикабыздын азыркы абалын эске алуу менен иштелип чыкты. Казынага киреше бере турган тармактардын ишин жандантуу зарыл. Анан да сырттан келген туристтердин көпчүлүгү Ысык-Көлгө баргандыктан, бул мыйзам алардан көп киреше алып калууга шарт түзөт. Бул биздин социалдык абалыбызга терс таасир этпейт. Кумарканаларга кыргыз жарандары киргизилбейт», — дейт Турусбеков.

Турусбеков белгилегендей, аймакта оюн-зоок жайлар ачылса, кошумча жумуш орундары түзүлүп, бюджетке көмөкчү булак пайда болот.

Долбоордун негиздемесинде жазылгандай, оюн-зоок жайларында 23 жаштан жогору курактагылар иштеши керек. Кызматкерлердин кеминде 50%ы, башкаруучу кызмат орундарында 10%ы кыргызстандыктар болуусу шарт. Андан алынган кирешенин 40%ы Кыргызстандын бюджетине, калганы инвесторго таандык болот.

Социалдык фонддун былтыркы жылы жарыялаган маалыматына ылайык, өлкөдө бинардык опциондун 12 субъектисинин жетөөсү иштеп,алардан 2018-жылы 10 миллион 800 миң сом, 2019-жылы 123 миллион 622 миң сом салык түшкөн.

Өлкөдө кумар оюндарынын ишин чектеген мыйзам 2011-жылы кирип, анда казино оюндарына тыюу салынган. Кийин 2016-жылы тотализатор, лоторея оюндары жана букмекердик кеңселерге да тыюу салынган. Бирок мыйзамдагы дал келишпестиктерди пайдалануу аркылуу кумар оюндарынын жаңы түрлөрү пайда болгон.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мыйзам долбоорунда, казинолорго чет элдиктер гана кире алары жазылганы менен ал жобо иштебей турганын айтат. Анын айтымында, оюн-зоок жайларынан казынага киреше түшкөнү менен анын кесепетинен коом, жаш муун олуттуу жабыркап, үй-бүлөлөрдүн бузулуусу, үй-мүлкүнөн ажырап, өз жанын кыйгандарды көбөйтөт.

«Депутаттар: «Казынага киреше түшөт» деп жатат. Анда наркотик, баңгизаттарын да ачык эле жүгүртүп баштасын, андан укмуш киреше түшөт. Азыр атын өзгөртүп алып, мурункудай эле иштеп жаткан кумарканалар көп. Оюндарга азгырылып андан башы чыкпай калган өспүрүмдөрдүн ата-энелери, үй-жайсыз калып, карызга баткандар бизге көп кайрылып жатышат. Азыр «Тамчыга» ачылат, чет өлкөлүктөр гана кирет», — деп жатат. Андай эмес, эртең биздин эле балдар барып ойноп калышат. Атын өзгөртүп мурункудай эле иштеп жаткан букмекердик кеңселер тууралуу да Президент, Премьер-министр, Башкы прокурорго бир нече ирет кайрылдым. Алардын аракети эч нерсени өзгөртө алган жок». 

Бирок даярдалган документте оюн-зоок жайларына жергиликтүүлөр киргизилбейт деген жобо болгону менен деталдуу түрдө аны бөгөттөөчү механизмдер көрсөтүлгөн эмес. Бул боюнча депутат Марлен Маматалиев мындай деди:

«Кыргызстанда мындай жайлар толугу менен ишин токтотушу зарыл. «Чет өлкөлүктөр үчүн гана ачылат», — деп жатат. Эгерде реалдуу түрдө туристтер гана ойной турган кылып, биздин жарандар кирбегидей жабык зонанын ичинде уюштурулса, анда бир жөн. Эгер андайды кыла албай, кайра эле эски система менен биздикилер кире берчү болсо, ага каршы турушубуз керек». 

Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынгандан кийин бинардык опцион катары ачылган жайлар көбөйө баштаган. Бирок алардын аты башка болгону менен, ичинде кадимкидей эле кумар оюндары бар экени айтылып келет.

Бишкек шаарынын тургуну Айгүл Абдыраева өзүнүн 31 жаштагы баласы акыркы 10 жылдан бери кумар оюнунун азгырыгынан чыга албай калганын айтат.

«Биринчи эле ойноп баштаганда 17 миң долларга утулуп, үйдөгү болгон акчаны өткөрүп берди. Өзүнүн, атасынын килейген машинесин жок кылды. Бул оюндарды бир ирет ойногон адам маңкуртка айланат экен. Башында автоматтык оюндарды ойноп баштаган, азыр баш-оту менен кирип кеткенине 10 болду. Азыр да «1$ Trade», «Ringo Trade» деген жерлерде ойнойт. Андан кайра айыктыруу деги эле мүмкүн эмес. Бул оюндар кыргыздын генофондун бузуп, маңкурт кылуу үчүн ойлоп табылгандай. Мен неберелеримден кооптоном, атасын көрүп алар да кирип кетпесин деп».

Жарандык коомдун өкүлдөрү бинардык опцион катары катталган электрондук кумарканаларды мыйзам менен бөгөттөп, жаптырууну талап кылып келишет.  Укук коргоо органдарынын кумарканаларга жүргүзүп келген рейддери да жагдайдын өзгөрүүсүнө таасир этпей жатат.

Copyright © 2017 Maral FM