Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Шайлоону таза өткөрүүгө бардык шарттар бар (видео)  

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 340 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелерин биринде добуш берди. Ал шайлоого катышуу ар бир жарандын милдети экенин белгилеп, шайлоочуларды кайдыгер болбоого чакырды.

Анын айтымында, добуш сатып алуусуз жана ыплас аракеттерсиз, шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүүгө бизде бардык шарттар бар.

«Кыргызстандын эли балдардын жана өлкөнүн келечеги үчүн татыктуу тандоо жасайт деген үмүттөмүн», — деди Маматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM