Биз менен байланышыңыз

«Азыр чиновниктер да айып пул төлөп жатышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2021 | 683 | 0

Мурда чиновниктер жол эрежесин бузганда айып төлөбөй кетип калышчу. «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери баары мыйзам астында бирдей болуп, чиновниктер да айып пул төлөп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мага да айыптар келип турат, төлөп жатам. Мурда кесиптештерим, башкалар патрулдук милиция токтотсо, күбөлүгүн көрсөтүп коюп кетип калган жагдайларды көрүп жүрдүм. Мурда жөнөкөй эл айып төлөчү, ал эми чиновниктер кетип калчу. Азыр камерага күбөлүгүңдү көрсөтүп, «айыптарды жокко чыгарып кой» дей албайсың», — деди Маматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM