Биз менен байланышыңыз

Эл өкүлү: «Коопсуз шаардан» түшкөн каражат инфраструктурага жумшалышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2021 | 691 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражат инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жолдун абалын, андагы инфраструктураны жакшыртуу — долбоорду ишке ашырган компаниянын эмес, мамлекеттин милдети.

Долбоор иштеп баштагандан бери чогулган 1.5 млрд сомду эл көп жүргөн жерлерге камера орнотууга жумшаса болмок.

«Долбоордун экинчи фазасында Ош-Бишкек жолуна бир топ камера орнотулушу зарыл эле. Пандемиядан улам жумуш токтоп калды. Шашпай, тыкан ишке ашыруу зарыл. Бир гана жол эрежесин бузуулар эмес, жарандардын коопсуздугун камсыздоо да керек. Биз муну талап кылабыз. Айыптардан түшкөн каражатты бюджетти толтуруу максатында эмес, долбоордун калган этаптарын ишке ашыруу үчүн колдонуу зарыл. Долбоордун саясатын компания эмес, мамлекет аныкташы шарт», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM