Биз менен байланышыңыз

«Камера бар жерде кайгуул кызматкери турбашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2021 | 802 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары коюлган жерде жол коопсуздугун тескеген кызматкерлер турбашы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым учурларда жол эрежеси көп катталган жерлерден көбүрөөк акча чогултуу максаты коюлуп жатат, бул жакшы эмес.

«Коопсуз шаар» долбору коррупциялык схемаларды жоюу, адамдык фактордун аралашуусун азайтуу максатында киргизилген. Андыктан камералар канчалык көп орнотулган сайын патрулдук милициялардын саны азайышы керек. Кызматкердин ордун камерага алмаштыруу зарыл. Башка мамлекеттерде бул тажрыйба кеңири колдонулат.

Патрулдук милиция бир гана жол эрежесин бузууларды тескебей, жарандардын коопсуздугун камсыздашы шарт.

Copyright © 2017 Maral FM