Биз менен байланышыңыз

Жакында «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абадда ишке киргизилет

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 773 | 0

Жакында «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы үчүн Жалал-Абад шаарында камераларды орнотууга даярдыктар жүрүүдө.

Шаар боюнча 12 көчөгө камера коюлат. Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагына жалпы 48 жерге көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда. Анын ичинен Ош-Бишкек жолуна 32 камера, ал эми Жалал-Абад-Балыкчы жолуна 4 камера коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM