Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» II этабы эмнеге кечигип жатат?

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2020 | 554 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун II этабын ишке ашыруу пандемиядан улам кечигип жатат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын маалыматына ылайык, долбоордун II этабын ишке ашыруу үчүн өлкөнүн бардык облус жана райондорунун борборунда, эл аралык маанидеги жолдордо кырсык көп катталган жерлер аныкталып, жалпысынан 306 орунга көрсөтмө берилген. Учурда камера коюуга даяр.

«Бишкек шаарында бир нече жерге коюлган камералар тесттик режимде иштеп жатат. Калган камералар да этап-этабы менен орнотулат», — деди Исаев.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» натыйжасын берип жатат. Камералар коюлган жерлерде жол эрежелери так сакталып, айдоочулардын маданияты жогорулады. Камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктары 75 %га кыскарды. Ошол эле учурда адам өмүрүн алган, ден соолугуна зыян келтирген кырсыктар кескин кыскарып, жокко эсе.

Copyright © 2017 Maral FM