Connect with us

«Жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдардын өлчөмүн азайтуу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2021 | 1184 | 0

Адам өмүрүнө коркунуч келтирбеген жол эрежесин бузуулар боюнча айып пулдун өлчөмүн төмөндөтүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Европа мамлекеттеринде, Орусияда айып пулдун көлөмү аз. Алар айып пулга эмес, мыйзамдардын аткарылышына басым жасашат.

Кыргызстан калкынын жашоо-турмушуна, экономикасына жараша айыптын өлчөмүн өзгөртө берсе болот. Андан коркуунун кажети жок.

Ошол эле учурда айып пулдарга карата туумдардын да өлчөмүн төмөндөтүү же жеңилдиктерди берүү зарыл.

Маматалиев айыптардын өлчөмүн азайтууда Өкмөт менен биргеликте карап, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизерин белгиледи.

Эл өкүлү айып пулдарды азайтуу маселесин аяганы чейин чыгарарын да убадалады.

Copyright © 2017 Maral FM