Connect with us

Кыргызстанда болжолдуу эсеп менен 280дей ак илбирс бар

Кыска кабар | 24 Дек 2024 | 151 | 0

Бүгүн 24-декабрда Бишкекте мейманканалардын биринде тышкы иштер министрлиги (ТИМ) уюштурган ак илбирсти коргоо боюнча иш-чара болуп өттү. Талкууга дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, активисттер, экологдор жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү катышты. Анда дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунун алдында турган ак илбирсти коргоо боюнча чакан көргөзмө, талкуулар орун алды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азия чөлкөмүндөгү 12 өлкөнүн бийик тоолуу аймактарын байырлаган ак илбирсти коргоо, экосистеманын түзүлүшүн сактап калуу негизги маселе экени айтылды. Мындан улам Кыргызстанда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, НАБУ уюму, Илбирс фонду сыяктуу бир катар уюмдар менен биргеликте өлкөнүн илбирстер байырлаган аймактарына жалпысынан 875 фото тузак орнотулганы, ошондой эле болжолдуу эсеп менен Кыргызстандын тоолорунда 280 илбирс калганы айтылды. Мындан тышкары тоолуу аймактарга заманбап фото тузактар орнотулганы менен ак илбирстин санын так аныктоо, жаратылыштагы түрдүү факторлордон улам кыйынга туруп жатканы кабарланды.

2023-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстанда ак илбирс өлкөнүн улуттук символу катары таанылган. Буга байланыштуу министрлер кабинетине ак илбирстин көбөйүүсү, анын экосистемасын коргоо боюнча чараларды көрүү тапшырылган.

Ак илбирс эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин кызыл тизмесинде сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган топко кирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM