Биз менен байланышыңыз

«Депутаттарды преференциалдуу шайлоо ыкмасы жөнүндө» мыйзам биринчи окуудан өттү

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1421 | 0

Жогорку Кеңештин 31-марттагы жыйынында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окуудан өттү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Алтынбек Сулайманов, Мыктыбек Абдылдаев, Акылбек Жапаров, Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Марлен Маматалиев, Айсулуу Мамашова, Зиядин Жамалдинов, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев.

Демилгечилердин бири Алтынбек Сулаймановдун айтымында, мыйзамдын негизги максаты шайлоочуга тандоо укугун толук кайтарып берүү болуп саналат.

«Биз, демилгечи депутаттардын тобу шайлоочуларга партияны гана эмес, өзү каалаган талапкерди да тандоого мүмкүнчүлүк берген демократиялык мыйзам долбоору – преференциалдык ыкманы сунуштадык.Биздин негизги максатыбыз – шайлоочуга тандоо укугун толук кайтарып берүү».

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, сунушталып жаткан Мыйзам долбоору прогрессивдүү жана демократиялык шайлоо принциптерине жооп берет. Бул долбоор дүйнөлүк тажрыйба болуп, мындай система менен шайлоо өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясында бардык заманбап технологиялар жана техникалык мүмкүнчүлүктөр бар.

Copyright © 2017 Maral FM