Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Транспорт министрлиги Кыргызстандагы унаа жолдордун абалы, аларды оңдоп-түзөө боюнча ратификацияланган мыйзамдын ишке ашырылуусу тууралуу маалымат берди. Депутаттар жол тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүшүп, реформалоо боюнча бир катар суроолорду жана сунуштарды беришти. Комитеттин бүгүнкү жыйынындагы урунттуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.
Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Кыргызстандагы унаа жолдордун абалы, аларды оңдоп-түзөө боюнча ратификацияланган мыйзамдын ишке ашырылуусу тууралуу маалымат берди.
Нурланбек Кайынбаев билдиргендей, 2021-жылы жол тармагына жалпысынан 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн. Анын 1 млрд 563 млн сому утурумдук бюджеттин эсебинен, ал эми 2 млрд 320 млн сому мамлекеттик салымдар беренесинин негизинде берилген.
«Чоң долбоор болгон Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолуна 1 млрд 250 млн сом бөлүндү. Балыкчы-Тамчы-Корумду жолуна 275 млн сом, Баткен облусунун чек арадагы стратегиялык маанидеги жолдоруна 286,5 млн сом берилди. Жалпысынан 2021-жылы 147 км асфальт-бетон жол салынды. 2019-2020-жылдары кредитордук карызыбыз 1 млрд 300 млн сомго жеткен. Анын 500 млн сому жабылды. Азыркы күндө 850 млн сомдун тегерегинде кредитордук карызыбыз бар».
Учурда Транспорт министрлиги тарабынан 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, анын сегизинде курулуш иштери, дагы төртөөндө тендердик процесс жүрүп жатат.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда эң көп насыя энергетика жана жол тармагына алына турганын белгилеп, жолдорду негизинен чет өлкөлүк компаниялар салганы менен сапаты төмөн болуп, кайра эле оңдоого туура келип жатканын сынга алды.
Анын пикиринде, акыркы жылдары жол салуу акча табуу бизнесине айланууда.
«Негизинен эле биз жол курууну чет өлкөлүк инвесторлорго берип жатабыз, бирок ага карабай жолдордун сапаты өтө начар болуп келүүдө. Курулган жолдор керек болсо 5 жылга жетпей талкаланып жатат. Аны калыбына келтирүү үчүн дагы ошончо акча керек болот. Советтер Союузунда салынган жолдор жер менен жер болуп кетсе да, жаңы курулган жолдордон сапаты жакшыраак. Эмне үчүн биз жолдорго кайра-кайра акча бөлүшүбүз керек. Канчалаган насыяларды, гранттарды алып жатабыз».
Депутаттар Бишкек-Ош жолунан күнүнө канча унаа өтөрүнө жана жылына бюджетке канча акча түшүп жатканына кызыгышты.
Транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Ош-Бишкек жолунан 2021-жылы автоматтык шлагбаум коюлгандан кийин 110 млн сом түшкөнүн, ага чейин жылына 60-70 млн сом түшүп келгенин айтты.
Муну менен катар депутат Шарапаткан Мажитова миллиарддаган каражат бөлүнгөнү менен өлкөдө жол тармагы өнүкпөй жатканын белгилеп, бул тармакта коррупциялык схема жоголмоюнча жолдор жакшырбай турганын эскертти.
«Миллиарддаган долларлар бөлүнгөнү менен иштин жыйынтыгы жок. Бул тармакта коррупциялык схемалар бар окшойт. Ошону тыкыр изилдөө керек. Биз мурдагыдай жашоону токтотолу. Мына 30 жылда жеп келдик, элди кыйнап келдик, алдап келдик. Эми Жогорку Кеңештин VII чакырылышы андайга жол бербейт. Сиздер башкача иштегенди үйрөнгүлө, чечкиндүү аракеттерди баштагыла. Жол жакшы болбосо, туризм эч качан өнүкпөйт. Жолдорду куруп жатасыздар, бирок эч кандай сапаты жок. 5 жылдан кийин оюлуп кетет да, ал жерге дагы миллиондогон долларлар сарпталып жатат. Ошол коррупциялык схема эмей, эмне?! Муну силер бизнес кылып алгансыңар».
Мындан сырткары эл өкүлдөрү Ош-Баткен-Исфана жолунун 28-75-чакырымын оңдоп-түзөө иштери качан баштала турганын сурашты.
Нурланбек Кайынбаев маалымдагандай, оңдоп-түзөө иштери үчүн бөлүнө турган кредиттик макулдашуунун негизинде документтер Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) башкы кеңсесине жөнөтүлгөн. Жактырылып берилсе, жакында подрядчик тандоо боюнча тендер башталат.
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75-чакырымын) асфальттоого жумшала турган каражатты 2016-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Транспорт жана жол министрлиги тендер өткөрүп, жалпы суммасы 133, 58 миллион доллар турган долбоорду япониялык JICA уюму утуп, макулдашууга жетишкен.
Алына турган кредиттин суммасы болжол менен 116,47 млн долларды түзөт, мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен болжол менен 16,88 млн доллар бөлүнөт.
2019-жылы баштала турган иштин 2021-жылга жылып кеткенин Транспорт жана жол министрлиги пандемияга шылтап келген.