Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл менен Нарындагы сугат чарбасын өнүктүрүүгө 59,5 млн доллар каражат алынат

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 642 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат суу тармагын өнүктүрүүгө багытталган «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбооруна жалпысынан 59,5 млн доллар бөлүнөт, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл. Анын ичинде, Ислам өнүктүрүү банкынын каражаты – 20 млн доллар. Жеңилдетилген насыя 25 жылдык мөөнткө 1,5 пайыздык үстөгү менен берилүүдө.

«Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат айыл-чарбасын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабында Сауд фонду 30 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлөт. Ал эми Кыргызстан долбоорго 8,9 млн доллар кошууга тийиш.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, долбоордун биринчи этабында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы сугат объектилери курулат. Андан тышкары, Үч-Коргон, Шамшы, Түгөл-Сай сууларында 4 суу сактагыч курулууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM