Биз менен байланышыңыз

Бир мандатуу шайлоо округунан талапкерлерди каттоо качан башталат? (расмий жооп)

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 719 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандатуу округдардан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча суроолорго расмий жооп узатты.

Алардын айтымында, бир мандатуу шайлоо округунан талапкерлерди көрсөтүү БШК шайлоо округдарынын чегин тактап бекитип, тизмесин жарыялагандан тартып башталат.

Жарандар депутаттыка талапкер катары катышуу үчүн өзүн өзү көрсөтө алат. Тиешелүү документтерин жана арызын БШКга жибериши керек.

Ошондой эле ар бир саясий партия түзүлгөн округдар боюнча өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтсө болот. Партиялар бир мандатуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди өздөрүнүн сьездинде карап, жашыруун добуш менен бекитип бериши керек.

Президенттин Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленди. Ага ылайык, саясий партиялар жарлык чыккандан тарта 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу ниетин билдириши керек. Партиялардын билдирүүсү 3-сентябрь саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Аталган мөөнөттү өткөрүп жиберген партиялар шайлоого катышуу укугунан ажырайт.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Парламенттин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM