Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Атазов менен Осмонов Түркияда «Жылдын алтын адамы» наамын алышты (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 1063 | 0

Жогорку Кеңешин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов Түркияда «Жылдын алтын адамы» наамын алышты. Бул тууралуу Атазов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, иш-чара түрк дүйнөсүнө белгилүү инсан, профессор Сейфулла Түрксойдун демөөрчүлүгү астында Дипломатиялык жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча Жибек Жолу Уюму тарабынан уюштурулган.

«Кечээ Түркиянын Стамбул шаарында сыйлык алуу мен үчүн чоң сыймык болду. Бул Кудайдын тагдыры жана элибиздин ак батасы деп эсептейм. Буюрса, сиздер менен бирге мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн чогуу аракет кылабыз. Ийгиликтеримди тең бөлүшүп, жылуу пикирлерин билдирген жалпы мекендештериме, досторго терең ыраазычылык билдирем. Биз Эл аралык достук мамилелерди чыңдообуз зарыл! Жолугушуу учурунда көптөгөн досторду таптык», — деп жазган Атазов.

Атазов ошондой эле кийинки сапары Анкара шаарында депутаттар менен улана турганын жана ийгиликтүү инвесторлорду тартканга сүйлөшүүлөр болуп жатканын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM