Биз менен байланышыңыз

Осмонов: Баткенге барган өкмөт башчылар тооккана да сала алышкан жок

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 1812 | 0

Бүгүн, 3-февраль Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов бир жылдан бери Баткен деп келгени менен көпчүлүк маселелер чечилбей жатканын сынга алды.

Анын айтымында, Баткенге аткаруу бийлигинин башчысы жана ар бир мүчөсү барганы менен бир да маселе чечилген жок.

«Баткенге аткаруу бийлигинин башчысы жана жетекчилери барганы менен бир да маселе чечилген жок. Мындайча айтканда, тооккана да сала алышкан жок. Жерине барып канча жолу жыйналыштарды өткөрүштү, бизнесмендерди чогултту, бирок эч кандай тыянак жок. Ошондуктан Баткенге чындап күйө турган болсок, ошол жерге жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Мына ошол жумуштун жоктугунан чек арага чеп болуп жашаган айылдардын тургундары көчүп жатат. Биз Баткенге канчалык бала бакча, мектеп салбайлы, эл жашабаса, алардын кереги жок болуп калат», — деди Осмонов.

Ошондой эле ал ушул жылдын аягына чейин 200-300 орундуу үч ишкана куруп берүүсүн өкмөткө тапшырды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 27-январда Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө тилкесинде орун алып, 14 аскер жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM