Биз менен байланышыңыз

Айбек Осмонов депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 517 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Айбек Осмонов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн БШКга арыз калтырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Осмонов Ош облусунун №7 Ош округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 108 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Айбек Осмонов 14-мартта Жогорку Кеңешке «Бир бол» фракциясынан маркум депутат Алмазбек Акматовдун ордуна келген.

Ал жыйынтыгы жокко чыккан мурунку парламенттик шайлоодо «Ыйман нурунун» төрагалыгында шайлоого аттанарын маалымдап, көп өтпөй партиялаштарынын айтымында «саясий кысымдарга» байланыштуу ал партиядан чыгып, шайлоого катышуудан баш тарткан. Кийин Осмонов «Биздин Кыргызстан» саясий партиясын негиздеп, 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештери шайлоого катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM