Биз менен байланышыңыз

Айбек Осмоновго депутаттык мандат тапшырылды

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 627 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги бош мандатты Осмонов Айбек Жапаровичке берүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтом 14-мартта чыгарылган.

Осмонов Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясына маркум депутат Алмазбек Акматовдун ордуна келди.

Айбек Осмонов жыйынтыгы жокко чыккан мурунку парламенттик шайлоодо «Ыйман нурунун» төрагалыгында шайлоого аттанарын маалымдап, көп өтпөй партиялаштарынын айтымында «саясий кысымдарга» байланыштуу ал партиядан чыгып, шайлоого катышуудан баш тарткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM